Компания жөнүндө
«Интернешнл мерчант компани» ЖЧК соода-өнөр жай компаниясы – бул Борбор Азия рыногунда өнөр жай жабдуусун, лабораториялык жабдууну, айыл чарба техникасын жана кам тетиктерин, телекоммуникациялык жабдууну, деталдарды комплекттөө жана жеткирүү жаатында адистешкен көп профилдүү фирма.
Компаниянын командасы кардарлардын көйгөйлөрүн комплекстүү чечүүнү камсыздоого умтулат, бул үчүн сунуштаган продукциянын ассортименти туруктуу кеңейтилүүдө. Топтогон тажрыйба жана өндүрүүчү заводдор менен өнөктөштүк мамилелер буйрутмачыларга максималдуу төмөнкү баада жаңы жабдууну гана сунуштоо мүмкүнчүлүгүн берет.
«Интернешнл мерчант компани» ЖЧК компаниясынын ишиндеги башкы багыттар болуп саналат:
мыкты сапат менен керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарын канааттандыруу;
кызматташуунун баалуулугун жогорулаткан жана аны пайдалуу жана жагымдуу кылган жаңы багыттарды жана өнөктөштүк формаларын туруктууй издөө.
Компаниянын күчтүү интеллектуалдык потенциалы, түздөн-түз өндүрүүчүлөр менен жакшы жолго салынган байланыштардын болушу Сиздердин керектөөгө багыт алып, сунушталган продукциянын ассортиментин туруктуу кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Биздин компаниянын активинде Siemens, Atlas Copco, Rexroth Bosch, OLDHAM, ABB, GоGaS, Helukabel, TR-Electronics, Hydac, Bollfilter, TIRA, Walther Präzision ж.б. сыяктуу (Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын заводдорун кошо алганда) жергиликтүү да, чет өлкөлүк да өндүрүүчүлөргө таандык кабель продукциясын, станокторду, транспорттук ленталарды, стандарттуу эмес жабдууларды, кубур түтүк арматураларын, трансформаторлорду, компрессордук станцияларды, гидравликалык жабдууларды жеткирүү боюнча тендерлерде көп жолку жеңиштер бар.
«Интернешнл мерчант компании» ЖЧК лабораториялык жабдууларды, чыгымдоо материалдарын, микробиологиялык контролдоонун чыгымдоо материалдарын жана каражаттарын, суунун, топурактын, тамак-аш азыктарынын, фармацевтикалык каражаттардын сапатын медициналык лабораториялык контролдоо үчүн лабораториялык эмеректи, биотехнологияларды, илим, химия продукциясын сатууга жана сервистик тейлөөгө адистешет.
Биздин компания заводдор, фирмалар, уюмдар, жеке жактар менен узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдар. Узак мөөнөттүү жана өнөктөштүк мамиле түзүү үчүн жаңы кардарларды көрүүгө ар дайым кубанычта болобуз.